KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Биз бүгүнкү эгемен, жаркыраган Кыргызстан үчүн эмгегин, өмүрүн берген, улут көчүнүн узак жолунда ар кандай кыйын тагдырга туш болгон ата-бабаларыбызды, улуу тарыхыбызды барктамайынча, кийинки басар жолубуз түз болбойт. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган реквием-иш-чарасында негизинен ушундай ой айтылды.

Жалал-Абад шаарынын мекме-ишканаларынын, окуу жайларынын эмгек жамааттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар борбордук аянтка чогулушуп, аянттагы ар кайсы жылдарда репрессияга тушуккан аталардын сүрөттөрү, аларга арналган китептер коюлган сереге гүлчамбарларды, гүлдөрдү коюшуп, аларды бир минута эскеришти.

Реквием-иш чарасы учурунда жыйырманчы кылымдын башталышындагы, 20-кылымдын 30-жылдарындагы кыргыз элинин, улуттук элитанын башына түшкөн оор окуялар сахналык көрүнүштөр аркылуу көрсөтүлдү.

Катышуучулар алдына чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, аксакалдар жана жаштар кыргыз эли өз баалуулуктарына, өзүнүн карт тарыхына кайтып, өзү тандаган жол менен кетиши зарылдыгын баса белгилешти. Ал эми мындай иш-чара шаар тарыхында биринчи жолу болуп жатканын, мындан ары бул багытта мындан да маанилүүрөөк, мазмундуураак иштер алынып барылышы зарыл экенин айтышты.

- Албетте, Кыргызстан басып өткөн жолунда чоң ийгиликтерге жетишти, бирок биз тарыхтын каргашалуу барактарын да эстен чыгарбашыбыз керек. Эгер биз өз тарыхыбызга маани бербесек, ага чындыктын көзү менен карабасак, андагы оң жана терс көрүнүштөргө сергек баа бербесек, анда биздин келчегибиз да түз болбойт. Ошондуктан 1916-17-жылдардагы окуяларга, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берип, ата-бабалардын элесине таазим этүүбүз зарыл, - деди шаардын биринчи вице-мэри Т. Темирбаев. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13