KELECHEK
rek

АКШнын колдоосундагы топтор ИМге каршы Сирияда фронт ачты

АКШнын колдоосундагы топтор ИМге каршы Сирияда фронт ачты

АКШ тарабынан колдоого алынган күрд жана араб топтору “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы Сириянын түндүк бөлүгүндө жаңы фронт ачышты.

Сириялык күрттөр Түркия менен чек арадагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган Манбиж шаарына жакындап калышканын жарыялады. Маалыматка караганда, алар согушкерлердин бир катар маанилүү позицияларын ээлеп, азыр Манбижден он беш чакырым алыс аймакта турушат. Бул шаар согушкерлердин штабы жайгашкан Ракка калаасына баруу үчүн маанилүү пункт болуп саналат.

Мындан тышкары Манбиж менен анын чеке-бели ИМ көзөмөлдөгөн акыркы чек ара аймагы. Буга байланыштуу аны жоготуу террорчуларга чоң сокку болору болжолдонуп жатат. Күрттөрдүн аталган шаарга чабуулун абадан америкалык авиация колдоого алган. Syrian Observatory for Human Rights уюмунун маалыматына караганда, аба соккуларынан улам 15 жайкын жашоочу көз жумду. Манбижде 80 миңдей эл жашайт.

Майдын этегинде Фаллужа шаарын бошотуу үчүн башталган операцияга сириялык күрттөрдөн тышкары оппозиция да катышууда. Жалпысынан 30 миңге чукул адам тартылган.

Сирияда куралдуу жаңжал 2011-жылдан бери уланып келет. Ал кезде президент Башар Асаддын бийлигине карата жапырт каршылык акциялары жарандык согушка айланып, экстремисттик топтордун баш көтөрүүсү менен коштолду. БУУнун маалыматы боюнча беш жыл ичинде каза тапкандардын саны 200 миңден ашты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52