Инаугурацияны уюштуруу комитети жыйынга чогулду
Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-ноябрда биринчи жыйынын өткөрдү. Анда ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы жана чакырылчу коноктордун тизмеси талкууланды. Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрга белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, ант берүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча он алты адамдан турган уюштуруу комитети түзүлүп, аны президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектеген.
Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22 % добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









