Сапар Исаков КМШ жыйынында чек арадагы абалды айтты
Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарып бүткөнүнө карабай КМШ өлкөлөрүнүн арасында эркин соода болбой жатат, буга кыргыз-казак чек арасындагы абал далил. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Ташкентте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында айтты.
Кеңири курамдагы жыйында сөз алган Исаков кыргыз-казак чек арасында эркин соода боюнча КМШ, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму милдеттемелерине карабай Казакстан жасалма тосмону коюп жатат деп, учурда оор жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай токтоп калганын билдирди.
- Ар бир оор жүк ташуучу автоунаа 5 суткадан кийин өтүп жатат. Буга Казакстан ар кандай өз аргументтерин келтирүүдө. Анын бири катары абалды Казакстан аткезчиликке шылтап жатат. Бирок айыл чарба жана сүт азыктары кантип контрабанда болушу мүмкүн? Эми казак тарап темир жолдогу вагондорду текшерүүнү күчөттү, ошондо биздин бардык товар контрабанда болуп калдыбы? – деген суроону Исаков жалпы отурган өкмөт башчыларга узатты.
Ташкенттеги КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынындагы күн тартибинде эркин соода жүгүртүүгө багытталган маселе алгачкы болуп каралууда. Жалпысынан өкмөт башчылар экономика, транспорт, бажы, соода жаатында 19 маселени карап, документтерди кабыл алары күтүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









