KELECHEK
rek

Парламент кыргыз-казак чек арасындагы абалды жабык талкуулайт

Парламент кыргыз-казак чек арасындагы абалды жабык талкуулайт

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды парламентте кечээ талкуулоо сунушу айтылды. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени өкмөттү чакырып талкуулоо керек деп айтып чыкты:

- Өзүбүз күбө болуп келе жатабыз, кырдаал акыркы 20 күндөн бери өзгөргөн жок. Өкмөт болгон аракетин жасап жатат, Астанада, Ереванда жолугушуулар өттү, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Премьер-министрди, тиешелүү жетекчилерди чакырып маалыматын уксак. Биз, депутаттар, өз пикирибизди, сунуштарыбызды айталы. Өкмөткө жардам берүү, кырдаалдан кантип чыгуу жолдорун талкуулайлы. Себеби бул коопсуздукка тиешелүү да маселе. Керек болсо жабык талкуулайлы. Астыда кыш келе жатат. 3-4 айдан кийин жазгы талаа иштери башталат.

Төрага Дастанбек Жумабеков 2-ноябрга өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулоо пландалып жатканын, андыктан бул маселени да ошондо кароо сунушун айтты.

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Примовдун сунушу колдоо тапты.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Учурда чек арада казак тарапка өтө албай жүздөгөн автоунаалар турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12