KELECHEK
rek

Күнөөсүн моюнуна албаган Манафорт менен Гейтс үй камагына алынды

Күнөөсүн моюнуна албаган Манафорт менен Гейтс үй камагына алынды

Пол Манафорт

Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт менен анын өнөктөшү Рик Гейтс тагылган айыптоолордун бардыгын четке кагышты. Алар АКШга каршы кутумга баруу, акчаларды жашыруу жана чет өлкөлүк банк эсептери боюнча маалымат бербөө өңдүү 12 пункт боюнча айыпталышууда.

Вашингтондогу федералдык сот алар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн деп Манафортко 5 жана Гейтске 10 миллион доллар өлчөмүндөгү күрөө белгиледи. Бул сумма толук төлөнмөйүнчө экөө тең үй камагында болушат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Манафорт 2006-2015-жылдар аралыгында Украинанын «Аймактар партиясынын» пайдасы үчүн лоббисттик ишмердик менен алектенип, ал үчүн акча алып турган. Салыктардан кыйгап өтүү үчүн ал офшордук компанияларды пайдаланып, ал эсептерге 75 миллион доллардан ашык сумма которулган. Тергөөчүлөр Манафорт 18 миллион доллардан ашык акчанын "изин жашырганын", ал эми Гейтс офшордук эсептер аркылуу үч миллион доллардан ашык суммага ээ болгонун билдиришүүдө.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс былтыркы шайлоо өнөктүгү менен Дональд Трамптын штабынын мурдагы кызматкерлерине тагылган айыптардын эч кандай байланышы жок экенин билдирди. Сандерс бул иштер Манафорт менен Гейтс Трамптын шайлоо штабына кошулганга чейин болгонун белгиледи.

Сандерс Трамптын тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулостун президенттик өнөктүк маалында ролу «чектелгенин» айтып, аны «ыктыярчы» деп атады. Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулос ФБРге жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алганы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53