KELECHEK
rek

Өзбекстан өз мессенджерин ишке киргизет

Өзбекстан өз мессенджерин ишке киргизет

«Өзбектелеком» жакында Telegram, Skype, Viber жана WhatsApp мессенджерлеринин аналогу болчу Uzphone тиркемесин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Учурда Uzphone тестирлөөдөн өтүүдө. Азыр ал аркылуу тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүп, өз ара үн алышып сүйлөшүүгө мүмкүн.

«Азырынча ал кеңири аудиторияга жеткиликтүү эмес. Эки айдын ичинде бета-тестирлөө баскычына чыгабыз. Кийинки жылы расмий түрдө коомчулукка чыгарабыз», – деп билдирди «Өзбектелеком» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн директору Марат Фаттахов.

Анын айтымында, дүйнөгө белгилүү тиркемелердин жергиликтүү вариантын иштеп чыгуу зарылдыгы чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстанда таап жаткан кирешелеринин бир бөлүгүн алып калуу, ошондой эле колдонуучуларга чет өлкөлүк аналогдорундай көп траффик талап кылбаган мессенджер сунуштоо сыяктуу бир нече фактор менен шартталган.

Болжол менен бир жылдан кийин тиркемени смарт-телевизорлор жана көзөмөл камералар менен интеграциялоо пландалууда. «Өзбектелекомдон» билдиришкендей, компаниянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү аталган тиркемени жүктөп алган 1 миллиондон ашык колдонуучуну тейлөөгө шарт түзөт.

Буга чейин Өзбекстанда «Одноклассники» жана «Фейсбуктун» аналогу катары жергиликтүү социалдык түйүндөр ишке киргизилген. Бирок алар өзбекстандыктардын арасында тиешелүү деңгээлде популярдуулукка ээ боло алышкан жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...