Казакстандын түштүгүндө бензин тартыштыгы жаралды
Түштүк Казакстан облусунда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы жаралды. Бул маалыматты «Жанар-Жагармай» коомдук ассоциациясынын төрагасы Кайыпбек Камбаров ырастады.
Ал аймак эли бир айдын ичинде 30 миң тоннага жакын АИ-92 бензинин пайдалана турганын айтты.
— Чынында эле тартыштык бар. Айдын башында 27 миң тонна АИ-92 бензини алынып келинген. Азыр бул үлгүдөгү бензин ири май куюу жайларында бар. Орто жана кичинекейлеринде аз болуп жатат. Көйгөй айдын аягына чейин чечилет, — деди ал.
Маалыматка караганда, Шымкент шаары менен Сайрам районунда АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди сатууга чектөө киргизилди. Аймактагы май куюу жайларынын биринин жумушчулары билдиргендей, акыркы бир нече күндөн бери АИ-92 бензини жүздөгөн литрден гана алынып келинүүдө. «400 литр бензин эртең мененки саат 11ге чейин эле сатылып кетүүдө. Андан кийин талондор боюнча гана сатып жатабыз», — деп билдиришти алар. Sinooil май куюу жайларында АИ-92 бензини бар, бирок анда кезек күткөндөр көп. Айрым маалыматтарга караганда, аталган май куюу жайларында айдоочуларга бензин эки миң теңгеге чейинки суммага гана сатылууда.
Аймакта 570 май куюу жай болсо, анын 100дөн ашыгы ири компанияларга таандык.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38