Күртстан лидери өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартпайт
Масуд Барзани
Ирактагы күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани президенттик мөөнөтүн узартпайт. Ал ишембиде аймактык парламентке өз ыйгарым укуктарын өкмөт жана парламент ортосунда бөлүштүрүү планын тапшырды.
Күртстан аймагында шайлоо 1-ноябрга белгиленген.
22-октябрда күрттөрдүн оппозициячыл партиясы Барзанини отставкага кетүүгө чакырган. Саясатчылар аны Киркук провинциясында жайгашкан мунайга бай аймактардагы көзөмөлдү Ирак армиясына алдырып жибергени үчүн айыпташкан.
Ирак армиясы Багдадды колдогон шиит топторунун колдоосу менен Киркук аймагынан күрт күчтөрүн сүрүп чыгарып, алардын андагы таасирин азайтууда. Бул Күрт автономиясынын бийлигинин 25-сентябрдагы көз карандысыз референдумуна каршы Багдаддын жообу катары бааланууда. Аталган референдумга катышкандардын 93 пайызы көз карандысыздыкты колдоп добуш берген. Бирок расмий Багдад аны мыйзамсыз деп атап, жыйынтыгын тааныган эмес. Киркуктун күрт автономиясынын курамына кирбегендигине карабастан бул провинциянын жашоочулары дагы референдумга катышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









