ЖАЛАЛ-АБАД: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР БЕЛГИЛЕНДИ (ФОТО)
Жалал-Абад шаары боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан быйылкы 9 ай ичинде 2 миллиард 117,4 миллион сомдук продукция өндүрүлдү жана өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 93,8 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 111,9 паызга жеткирилди, же башкача айтканда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 255,5 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, өткөн 2016-жылдын 9 айына салыштырмалуу “Жалал-Абад нефти кайра иштетүүчү” кыргыз-өзбек-азербайджан жоопкерчилиги чектелген коому– 246,6 миллион сомдук, “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коому – 173,2 миллион сомдук, “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын филиалы “Жалал-Абадгаз” жоопкерчилиги чектелген коому – 76,9 миллион сомдук, “Элнур Дан” жоопкерчилиги чектелген коому - 37,7 миллион сомдук, “Жогорку кубаттуулук электр тармактары” ишканасы – 25,8 миллион сомдук көп продукция өндүрүүгө жетишкен.
Бирок, 2017-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы менен шаардын ири өнөр жай ишканалары “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому - 178,7 миллион сомдук, “Дан Юг” жоопкерчилиги чектелген коому – 87,1 миллион сомдук, “Элдик” мамлекеттик ишканасы - 16,8 миллион сомдук, ташты кайра иштетүүчү кичи ишканалар - 13,5 миллион сомдук продукция өткөн жылга салыштырмалуу аз өндүрүшкөн. Бул өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 14 пайызын түзүп, же 296,1 миллион сомдук продукция аз өндүрүшкөнү белгиленди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38