KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда 33 миң 166 тонна пахта жыйналды

Жалал-Абад облусунда 33 миң 166 тонна пахта жыйналды

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында облустун айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн дүң продукциясы 32 млрд. 713,2 млн. сомду түзүп, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 101,3 пайызга аткарылып, жалпы республикадагы облустун үлүшү – 20,7 пайызды түзгөн.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин берген маалыматына караганда, мал чарба продукцияларын өндүрүүдө: 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт (тирүүлөй салмакта) – 103,4 пайызга, сүт – 102,4 пайызга, жумуртка – 103 пайызга, жүн – 102,2 пайызга өсүү темпи камсыздалган.

- Талаачылыкта: 2017-жылдын түшүмү үчүн эгилген айыл чарба эгиндерин оруп жыйноо иштери кызуу жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата бардык дан алгачкы кириштелген салмакта - 250 714 тонна, картошка 125 988 тонна, жашылча – 250334 тонна, май өсүмдүгү – 17045 тонна, бакча – 95071 тонна, мөмө жемиштер – 31286 тонна жыйналып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 515 тоннага аз болгон. Жүзүм – 911 тонна жыйналып, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8 тоннага көп жыйналган, - деди А.Исаев.

Анын айтымында, 2017-жылы эгилген пахтанын аянты – 11451 га болуп, 2016-жылга салыштырмалуу 1708 га көп эгилген. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата пахтанын дүң жыйымы 33166 тоннаны, орточо түшүмдүүлүк 31ц/га түзүүдө.  Өткөн жылы пахтанын 1 кг баасы 41-43 сом болсо, быйылкы жылдын 2-октябрына карата пахтанын баасы 44-45 сом болуп жатат.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38