KELECHEK
rek

“БАТКЕНЧИЛЕРГЕ” СЫЙ-УРМАТ КӨРГӨЗҮЛДҮ (ФОТО)

“БАТКЕНЧИЛЕРГЕ” СЫЙ-УРМАТ КӨРГӨЗҮЛДҮ (ФОТО)

Баткен окуясынын 17 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чарага шаар бийлигинин, ишкана-мекемелердин жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара учурунда окуяда курман болгондорго куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Расмий иш-чарадан соң, баткенчилерге сый-тамак жана концерттик программалар шаардагы “Салкын” эс алуу жайында уюштурулду. Ал эми иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 85 миң акча каражаты каралган.

Сабихилла Султанов 43 жашында Баткен окуясына катышкан. Анын айтымында, жыл сайын ушул күндү майрам катары белгилеп, курман болгондорго куран окушат.

- Баткен окуясына 17 жыл болсо да, жылда Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги чакырып, бизге сый көрсөтүшөт. Бул үчүн шаар бийлигине ыраазычылык билдиребиз, - дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын айтымында, Баткен окуясынын катышуучуларына шаардык мэрия тарабынан сый-тамактар, урмат көрсөтүү чаралары уюштурулган.

- Алардын бир күн болсо да маанайын көтөрүү максатында концерттик програмалар уюштурулду. Ал эми каза болгондордун үй-бүлө мүлөрүнө акчалай жардамдар тапшырылды. Эми  Баткен окуясынын катышуучуларынын балдарына да жеңилдиктер каралып жатат жана эс алууларына кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлө берет, - дейт А. Раматиллаева.

Эскерте кетсек, Баткен окуясына Жалал-Абад облусунан 1200 атуул катышкан. Алардын ичинен миңи арабызда. Жалал-Абад шаарынын аймагында 95и бар. Алар жылына 500 сомдон жөлөк пул алышат, бир жылда 2 миң сомдон жардам берилет.Баткенчилердин балдары мектептердеги ата-энелер фондусуна, балдар бакчаларга төлөмдөрдөн бошотулган. Жайкы эс алуу лагерлерине балдары акысыз барышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13