Жалал-Абад облусунда 9 айда 17 млрд. сомдон ашык өнөр жай продукциялары өндүрүлдү (ФОТО)
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү аткарылып, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 151,9 пайызды түзгөн. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн коллегияда белгилүү болду.
Коллегияда биринчи болуп облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен абалы жана милдеттери жөнүндөгү маселе каралды. Ал эми экинчи маселеде облустун экономика тармактарын жана калкын 2017-18-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо иш-чараларынын аткарылышынын абалы жана милдеттери талкууга алынды.
Облустук коллегиянын ишине өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, коллегия мүчөлөрү жана райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин коллегияда жасаган баяндамасына караганда, облуста айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи – 101,3 пайызга, автотранспорт менен жүк ташуунун өсүү темпи – 105 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуунун өсүү темпи - 100,9 пайызга, рыноктук кызматтардын көлөмүнүн өсүү темпи – 106 пайызга, чекене товар жүгүртүүнүн өсүү темпи – 106,4 пайызга, акылуу кызмат көрсөтүүнүн өсүү темпи – 110,5 пайызга аткарылган.
- Өнөр жай тармагында: 2017-жылдын 9 айында Жалал-Абад облусу боюнча 17 млрд. 845,9 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Тоо-кен тармагында – 213,5 пайызды, электр энергиясын өндүрүү - 134,1 пайызды түзүп, бул тармактардагы өсүү темпи камсыздалгандыгы жалпы облустун көрсөткүчүнүн аткарылышына өбөлгө түзгөн.
Облустун аймагында 2017-жылдын 1-октябрына карата 97 жаңы ишканалар ишке киргизилди. Анын ичинде өнөр жай тармагында – 28, соода, кызмат көрсөтүү тармагында – 61, айыл-чарба тарамыгында – 8 (күнөскана) ишкана ишке киргизилип, аларда жалпысынан – 464 жалпы жумуш орундары түзүлдү.
Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 9 айында район-шаарлардан Жалал-Абад шаарында – 93,8 пайызды, Майлуу-Сууда – 84,9 пайызды түзүп, өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи камсыздалбаган.
Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компании” ишканасы өткөн жылга карата 1789 тонна дизел майын жана 3452 тонна мазут аз өндүргөн. “Майлуу-Суу электр лампа заводу” ЖЧКу 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 82,1 пайызды түзүп, 18,6 млн. лампа электр лампаларын аз өндүргөн, - деди А.Исаев.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38