Казак элчилигинин алдында “кыргыз-казак бир тууган” акциясы өттү
Кыргызстандагы Казакстандын элчилигин алдында чек арадагы кырдаалга байланыштуу тынчтык митинги өттү. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси уюштурган “Кыргыз-казак бир тууган” деп аталган акцияда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасалды.
Жарандык активист Бактыбек Нуралы уулу “Азаттыкка” билдиргендей, чек аранын жабылышынан эки өлкөнүн тең жарандары жабыркап жатат.
- Бүгүнкү күндө Казакстанда тамак-аштын баасы кымбаттап кетти. Кыргызстанда болсо 250-300 жүк ташуучу автоунаалар 4-5 суткалап кезекте турганы дыйкандарды, айдоочуларды көптөгөн чыгымдарга дуушар кылууда.
Митинг катышуучулары Нурсултан Назарбаевге кайрылуу катын элчилиликтин кызматкерине тапшырышты.
Казакстан 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндө көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашын бөгөп салганы белгилүү. Кийин жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен, бирок жүктөрдү өткөрүү маселеси чечиле элек.
Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт"-деп айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13