KELECHEK
rek

Сагинтаев: Казакстан аткезчилик агымына каршы чек арадагы көзөмөлдү күчөттү

Сагинтаев: Казакстан аткезчилик агымына каршы чек арадагы көзөмөлдү күчөттү

Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Астана мындай кадамга аткезчиликтин айынан ири каржылык жоготууларга учурап жатканынан улам барып жатканын Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында билдирди.

Сагинтаев ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө Кытайдан кирген товарлардын импортунун көрсөткүчү азайганын, бирок Кыргызстанга кытай товарлары мурдагыдай эле кирип жатканына токтолгон.

Анын белгилешинче, Кытайдан ЕАЭБге товар импорттоонун анализи 2014-2016-жылдарда Кыргызстандан башка мамлекеттердин баарында импорт азайганын көрсөткөн. Өз кезегинде бажы төлөмдөрү боюнча 2014-16-жылдагы иликтөөлөрдө Кыргызстан менен Армениядан башка өлкөлөрдө түшкөн акча азайганы аныкталган.

Сагинтаев акча түшүүлөр Казакстанда 18,2, Орусияда 5,1, Беларуста 1,4 пайызга төмөндөгөнүн белгилеп, ошол эле маалда Арменияда киреше 2,2, Кыргызстанда 6,2 эсе көбөйдү деп айтты.

Жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков Казакстандын аткезчиликке байланыштуу чек арада көзөмөл күчөдү деген жүйөсүн жөн гана шылтоо деп, чек арада тизилген жүк ташуучу унаалардын узун кезеги бир канча чакырымга жетип калганын маалымдады.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалдан жана кайчы көз караштарынан улам ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин кечээги жалпы жыйыны кечигип башталганы жана чыңалган абалда өткөнү кабарланууда.

Кечээ Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартканын Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков билдирген. Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38