Исаков: Кыргызстан Казакстандын айыптоосуна жооп берет
Кыргызстан Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин айыптоолоруна жооп катары кийинчерээк өзүнчө билдирүү жасайт. Бул тууралуу 25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.
"Чек ара өткөрмө бекеттериндеги автоунаалардын узун чакырым кезеги чынында эки өлкө жарандарынын тең кескин нааразылыгын жаратууда. Анткени ал жакта Кыргызстандан эле эмес, Казакстандын да, башка үчүнчү өлкөлөрдүн да жарандарынын унаалары бар", деп Исаков учурдагы кыргыз-казак чек арасындагы абалга кыскача токтолду.
Анын алдында Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып келерин билдирип чыккан. Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгилеген.
"Жалпысынан үч жыл ичинде Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр бажы алымдары жана салыктан 2 млрд 687 млн доллар зыян тарткан" деди казак премьери.
Ал чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшүн аткезчилик агымына каршы туруу деп негиздөөдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









