KELECHEK
rek

Дастан Жумабеков Жогорку кеңештин төрагасы болуп шайланды

Дастан Жумабеков Жогорку кеңештин төрагасы болуп шайланды

Чыныбай Турсунбековдун ордуна Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Чыныбай Турсунбеков cпикерликтен кетип жатканын бүгүн эртең менен парламенттин жыйынында жарыялаган.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков парламент спикери болуп шайланды. Аны 80 депутат колдоду. Дагы бир талапкер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиевге 32 киши добуш берди. Беш депутат эки талапкерге тең "каршы" болушту.

Жогорку Кеңешке жаңы спикер болуп шайланган Дастан Жумабеков парламенттеги бардык фракцияларга тегиз кароого убада берди:

- Мен мамлекет үчүн, Кыргызстан эли үчүн таза иштеп бергенге, баарыңарга, бардык фракцияларга тегиз кароого сөз берем.

41 жаштагы Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. 2001-жылы Кыргыз Улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган, ал эми 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын катарында VI чакырылышка депутат болуп келген.

Дастан Жумабеков Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси, атактуу травматолог Сабырбек Жумабековдун бир тууган иниси.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12