Украина Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тартты
Украина Михаил Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тартты. Өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценконун билдиришинче, бул чечимдин кабыл алынышы менен Грузиянын мурдагы президентин тарыхый мекенине өткөрүп берүүдөгү бардык тоскоолдуктар жоюлду.
Ал ошондой эле украин бийлиги өлкөдөн Саакашвилинин 20 тарапкерин (алардын көбү грузин улутундагылар) депортация кылганы жатканын, анткени алар өлкөдө мыйзамсыз жашап, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылышканын билдирди.
"Бул пландалган төңкөрүшкө эч кандай жарандыгы жок гастролерлор катышууда. Михаил Саакашвили Одесса облустук акимчилигинин төрагасы катары кол алдындагылар аркылуу Грузиянын 20 жаранына өлкө аймагында туруктуу жашап турууга уруксат берген. Эми алар өлкөнүн аймактарында ызы-чууларды чыгарышууда. Алар куралдар менен Саакашвилини кайтарып, күч менен төңкөрүш жасоого даярданып жатышат», — деди Луценко.
Саакашвили Одесса облусунун башчылыгынан кетер замат президент Петр Порошенконун жарлыгы менен украин жарандыгынан ажыратылган. Ал жарандыгын калыбына келтирүүгө аракет кыларын айтып, 10-сентябрда Польшадан Украинага кайтып келген. Андан соң саясатчы Украинада качкын макамын алуу үчүн документтерди тапшырган. Бул макам аны башка өлкөгө депортация кылууга мүмкүндүк бермек эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









