Бишкек Астанага 100 миллион доллардан баш тартканын кабарлады
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Кыргызстан Астана убадалаган 100 миллион доллар каражаттан баш тартуу боюнча процедуралар жүрүп жатканын расмий түрдө билдиргенин маалымдады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан 10 жылдан бери убада кылган акчаны бербей келгенин белгилеген.
Анын айтымында, 2007-жылы Казакстан Кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүүгө 100 миллион доллар караган. Бул багытта 2011-жылы дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок каржылоо ишке ашкан эмес.
2014-жылы Кыргызстан ЕАЭБге кирердин астында Астана мына ошол акчаны берүүнү убада кылып, экинчи ирет макулдашууга кол койгон. Ал акча биримдиктин талаптарына жооп берчү лабораторияларды курууга багытталган. Бирок ал каражат мына ошондон бери түшкөн эмес.
Казакстан ТИМи казак тарап Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында милдеттенмелерин так аткаруусу үчүн керектүү техникалык колдоо көрсөтүүгө ар дайым дилгир болгонун билдирди. Маалыматка караганда, каржылык жардамдын алгачкы траншы ушул жылдын ноябрь айында жөнөтүлмөк. “Бул каражат мындан эрте бөлүнсө болмок, бирок кыргыз тарап керектүү документтерди жана тиешелүү сметаны берүүнү создуктуруп жиберди”, – деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан убада кылган акчанын биринчи бөлүгү 41 миллион долларды түзмөк. Ал бажы, транспорт инфраструктурасы, маалыматтык колдоо, өрт коопсуздугу, саламаттыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар үчүн жумшалмак.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38