KELECHEK
rek

Оштогу “Аялзат” борбору адам сатууга каршы жаңы долбоорду түштүк регионунда ишке ашырып жатат (ФОТО)

Оштогу “Аялзат” борбору адам сатууга каршы жаңы долбоорду түштүк регионунда ишке ашырып жатат (ФОТО)

“Адам сатууга каршы күрөштө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук жана техникалык базасын бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында иш жүзүнө ашырылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрь күнү Ош облустук “Аялзат” борборунун директору Наргиза Ештаева Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Аталган маалымат жыйынга: КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Асель Сансызбаева, Жалал-Абад облустук ооруканасынын директорунун орун басары Улан Бааев, Жалал-Абад облустук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын опер өкүлү Сейит Нурдинов, Ош шаарындагы “Аялзат” борборунун доолбоордун ассисенти Надежда Домашевалар да катышты.

Ош облустук “Аялзат” аялдар демилгелүү борборунун директору Наргиза Ештаеванын сөзүнө караганда, “Адам сатууга каршы күрөштө КР Өкмөтүнүн ченемдик укуктук жана техникалык базасын бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору 10 ай аралыгында Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык район-шшарларда иш алып барып, калк арасында сатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

- Биздин “Аялзат” аялдар демилгелүү борбору 1996-жылдан бери иштейт. Бул борбордун көп тармактуу иштери, максаттары бар. Бирден-бир чоң тармагынын бири – ушул адам сатууга каршы күрөшүү, адам сатууга дуушар болгондорго жардам берүү, алдын-алуу иштерин жүргүзүү. Бизди Эл аралык Миграция уюму колдоп келет. Аталган уюм менен иштеп жатканыбызга 10 жылдан ашык болду. Ошолордун долбоору менен мына АКШ менен Эл аралык Миграция уюму биргеликте каржылап, биз азыр 10 айлык долбоор менен Жалал-Абадга келип калдык. Биздин долбоор туштүк боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча болот. Негизинен долбоор октябрь айында башталды. Долбоордун негизги максаты – жарандар чет өлкөгө чыгып жатканда өзүнүн укугун билип, туура маалымат алып, жакышнакай өз укугун колдонуп, кандайдыр учурда адам сатууга дуушар болос, кандай учурда кимден жардам алса боло тургандыгын элге жайылтууну көздөйт, - дейт Н.Ештаева.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13