ЖАЛАЛ-АБАД: САЛЫК ЖЫЙНОО КӨЛӨМҮ ӨСҮП ЖАТАТ
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салык жыйноо боюнча жеткирилген план-тапшырма 476 миллион 723,1 миң сом болсо, аткарылганы 488 миллион 749,8 миң сом болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаев билдирди.
Жеткирилген план-тапшырмадан ашыкча 12 миллион 26,7 миң сом чогултулуп, план-тапшырманын аткарылышы 102,5 пайызды түздү.
Анын айтымында, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларына республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 248 миллион 256,2 миң сом болсо, аткарылганы 254 миллион 427,6 миң сом болду. Жеткирилген план-тапшырманын аткарылышы 102,5 пайызды түзүп, планга салыштырмалуу бюджетке 6 миллион 171,4 миң сом көп түштү.
Жергиликтүү бюджетке отчёттук мезгилге жеткирилген план-тапшырма 228 миллион 466,9 миң сом болсо, аткарылганы 234 миллион 322,2 миң сом болуп, жеткирилген план-тапшырмадан 5 миллион 855,3 миң сомго көп салык жыйналды жана пландын аткарылышы 102,6 пайызды түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджетке 4 миллион 864,5 миң сом бюджетке көп салык жыйналып, өсүү темпи 102,1 пайызды түзгөн.
Салык карыздары 2017-жылдын 1-январына карата 26 миллион 563,4 миң сомду түзгөн болсо, 1-октябрга карата 23 миллион 621,5 миң сомду түзүп, жылдын башындагы карызга салыштырмалуу 2 миллион 316,3 миң сомго кыскарган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38