KELECHEK
rek

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгүнө милиция дагы катышууда

Тажикстанда аскерге чакыруу өнөктүгүнө милиция дагы катышууда

Тажикстанда быйылкы аскерге чакыруу өнөктүгүнүн күзгү бөлүгүндө жаштарды армияга тартуу менен негизинен милиция кызматкерлери алектенүүдө. Бул тууралуу «Жарандык эркиндик кеңсеси» коомдук уюмунан билдиришти. Уюмдун укук коргоочусу жана адвокаты Дилшод Жураев мындай учурга өткөн аптада өзү кабылганын айтты.

«Көчөдө баратсам үч милиция кызматкеринин коштоосунда капитан келип, жашымды сурады. Мен аскерге жарактуу куракты айтып көрсөм эмне болот болду экен деп, 36да экенимди айтпастан 27демин дедим. Алар дароо эле мени колдон алып аскер комиссариатына жеткиришти. Аскер комиссары менин чыныгы курагымды жана эмне менен алектенеримди угары менен кечирим сурап, эч кимге даттанбашымды өтүндү», - деди Жураев.

Айтымында, ал аскер комиссариатында бир канча өспүрүм менен сүйлөшүп, алардын да ушундай эле жол менен алынып келингенин билген. Жалпысынан аскерге чакыруу өнөктүгү башталгандан бери «Жарандык эркиндик кеңсесине» армияга мыйзамсыз жол менен чакырылган өспүрүмдөрдүн ата-энелеринен 12 арыз келип түшкөн.

Уюмдун өкүлү Хуршеда Рахимованын айтымында, айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаштарды аскерге чакыруу үчүн милиция кызматкерлерин тартышууда. Мисал катары ал аскерге чакыруу планын аткарууга жардам берүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган Согди облусундагы Спитамен райондук акимчилигинин чечимин келтирди.

«Мындай чечим «Аскерге чакыруу жана аскер кызматы» тууралуу берененин бир катар беренесине каршы келет. Аскерге чакыруу алган адам аскер комиссариатына барбай койгондо гана алар чара көрүү үчүн милицияга кайрыла алышат. Биздин маалыматтар боюнча быйыл мындай мыйзамсыз жол менен аскерге тартуу учурлары кыйла көбөйдү», - дейт Хуршеда Рахимова.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53