Журналист Али Феруз Сахаров атындагы орден менен сыйланды
«Новая газетанын» өзбек журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов). Влад Докшин\"Новая Газета"
Орусиялык "Новая газета" басылмасынын журналисти, бир нече айдан бери Москвадагы убактылуу кармоочу жайда жаткан Али Феруз академик Андрей Сахаров атындагы "Эрдик үчүн" ордени менен сыйланды.
Сыйлыктын уюштуруучулары өз чечимин Феруз башына кыйынчылык түшүп турганда да "жүзүндөгү жылмаюусун, ачык көз карашын" жоготпогондугу менен түшүндүрүштү. "Андрей Дмитриевич Сахаров дагы дүйнөгө ушундай ачык-айрымдык жана акылдуулук менен караган", – деп билдиришти алар «Фейсбук» аркылуу.
"Али Феруз" деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Өзбекстандын жараны. Бир нече жылдан бери ал Орусияда иштеп, качкын макамын алууга документтерин тапшырып келген. Орусиянын Ички иштер министрлиги ал мекенинде өмүрүнө коркунуч келтирилгени тууралуу далилдерди көрсөтө алган жок деген жүйө менен ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.
Журналист августтун башында Москвада кармалып, миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган. Кийинчерээк Орусиянын доо арыздарды караган соту журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Чечим чыкканга чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында кармалып турушу керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









