Аксы районунун Кезарт айылында жаңы ФАП пайдаланууга берилди (ФОТО)
Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кезарт айылында жаңы курулган фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында жаңы ФАПтын салтанаттуу ишке тапшыруу иш-чарасына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов, КР Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева жана Катар мамлекетинин “Ассанаби” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Мустафа Ассати менен Саид Баюми жана жергиликтүү калк катышты.
Жаңы ФАПтын имаратын курууга Кезарт айылынын тургуну Кудайберди Тоялиев өзүнүн менчигиндеги 5 сотых жерди акысыз тартуу кылды. Кезарт айылындагы ФАПтын курулушуна КР Жогорку
Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов менен Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бийлиги тарабынан 500 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү. Ал эми Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 1,5 млн. сом каражат жумшалып, жаңы ФАПтын эмеректери жана бир катар медициналык керектүү жабдуулар менен толук камсыз кылынды.
Жаңы ФАПтын кызыл тасмасын Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов, Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов жана Катар мамлекетиндеги кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жергиликтүу элдин катышуусунда кесип беришти.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Ж. Кийизбаевадан жаңы ФАПтын фельдшеринин жана медайымынын штаттык бирдигин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Кезарт айылында иштеп жаткан фельдшер Меңди Өзүбековдун саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келаткандыгына быйыл 43 жылдын жүзү болду.
Буга чейин Кезарт жана Ак-Таш айылдарынын жашоочулары алгачкы медициналык жардам алуу үчүн 3 чакырым аралыктагы Кара-Суу айылындагы ФАПка барып кайрылышчу. Кезарт айылында 913 калк жашайт. Ал эми Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 9019 калк, же 2200 кожолук эл жашайт. Айыл аймагында 7 мектеп, 4 ФАП жана бир айылдык оорукана калктын ден соолугун камкордукка алуу жаатында иштеп жатат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38