KELECHEK
rek

Кыргызстан Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартты

Кыргызстан Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартты

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Казакстандан жардам катары бериле турган 100 млн долларынан расмий түрдө баш тартты. Келишимди денонсациялоого багытталган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев ырастады.

Өкмөт бул кадамы менен Казакстан тараптан жардам катары берилчү каражатка муктаждык жок экенин айтууда.

- Биз бул каражатка “жок” деп айтууну чечтик. Мындайча айтканда кереги жок болуп калды. Өз каражаттарды бюджеттен же казынадан тышкары тапканга мүмкүнчүлүктөрдү издейбиз. Учурда ЕАЭБдин талабына ылайык 14 лабораториянын көбү бүтүп калды. Ал үчүн өзүбүз да каражат бөлүп жатабыз. Жылдын аягына чейин лабораториялардын көбү бүтүп калат.

Казакстандын жардамынан баш тарткан мыйзам долбоор боюнча Жогорку Кеңеште экономика министри Артем Новиков баяндама жасайт. Маалым болгондой бул долбоор кезексиз каралып, депутаттарга сунушталат.

Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 млн доллар берүүгө макул болгон. Тийиштүү долбоорду Жогорку Кеңештин профилдик комитети бир жыл мурда карап баштаган. Анда депутаттар казак тарап бере турган жардамды улам созуп келатканын айтып, сындаган.

Ушул жылдын август айында Кыргызстан менен Казакстан 100 млн долларды тармактарга бөлүүнү деталдаштырып, алгачкы транш менен 41 млн доллар бөлүүгө токтолгон. Бул үчүн Экономика министрлиги Казакстандын Каржы министрлигине банктагы атайын эсепти жөнөткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38