Жалал-Абадда спортсмендерге сыйлыктар тапшырылды (ФОТО)
18-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мыкты спортсмендерди сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Спортсмендерге сый-урмат көрсөтүүнүн алдында Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын өнөпоздору кеңири программадагы концерт тартуулашты. Быйылкы жылы Жалал-Абад облусунун спортсмендери Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Манас оюндарында” жана Түркмөнстан мамлекетинин Ашхабад шаарындагы V Азия оюндарында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан. Жеңиш менен кайткан спортсмендерге сый-урмат көрсөтүлүп, акчалай сыйлыктар тапшырылып, спортсмендер менен машыктыруучуларды ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады.
- Жалал-Абад облусунун спортсмендери эл аралык мелдештерде такай байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатышат. Спорт - улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбиясы менен спортко кайдыгер карабагандарды жана сергек жашоо мүнөздөрүн алып жүргөндөрдү ар дайым бириктирип, достук менен карым-катнашты жакшыртып келет. Спортсмендер өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү жана өрнөк болушууда. Кыргызстандын желеги спорттук мелдештерде ар дайым бийик желбирей берсин,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарынын жүрүшүндө грек-рим күрөшү боюнча Калы Сулайманов 1-орунду жана алтын медалды камсыз кылса, жеңил атлетчи кызыбыз Гүлшанай Сатарова байгелүү 2-орунду камсыз кылып, күмүш медаль тагынган. Ал эми, алыш күрөшү боюнча Руслан Табалдиев 2-орунду камсыз кылып, күмүш медаль тагынса, Шаршеналы уулу Мадан, Кадырбек Келсинбеков менен Ильяз Нышанов байгелүү 3-орунду камсыз кылышып, коло медалдардын ээлери болуп калышты.
Ал эми, 25-31-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата республикалык “Манас оюндары” мелдештерине катышкан облусубуздун спортсмендери оюндун 9 түрүнөн күч сынашып, Жалал-Абад облусунун курама командасы байгелүү 3 орунду камсыз кылышты. Тагыраак айтканда, облустун курама командасынын мүчөлөрү 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло медалдын татыктуу ээлери болуп калышты. “Манас оюндарында” командалык үчүнчү орунду камсыз кылган Жалал-Абад облусунун курама командасы 1 млн. сомдук сертификат менен сыйланган.
Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келе жатышкан спортсмендер менен машыктыруучуларды ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүржан Бабатаев жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев куттукташып, аларга акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20