Чек ара кызматы: кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдеди
Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 19-октябрда кыргыз-казак чек арасында абал бир аз жеңилдегенин “Азаттык” радиосуна билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Салкынай Абдыкариеванын белгилешинче, көзөмөл-өткөрмө бекеттерде жарандарды текшерип өткөрүү процесси тездетилди.
- Бүгүн эртең менен “Ак жол” көзөмөл-өткөрүү жайында 100гө чукул жаран Казакстанга өтүү үчүн кезек күтүп турушкан. Ал эми “Ак тилек” менен “Чоң Капка” бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны бар. Бирок салыштырмалуу тезирек өткөрүлүп жатат. Бүгүн тушкү 12ге чейин абал дагы өзгөрөт деп ишенип жатабыз.
"Азаттыктын" "Ак жол" бекетинде жүргөн кабарчысы кезек күткөн адамдар жок экенин белгиледи.
18-октябрда казак-кыргыз өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Астанада жолугуп, чек арадагы кырдаалды талкуулады. Анда тараптар чек арадан өткөрүүнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү боюнча макулдашкан. Ага ылайык, жөө адамдар, эл ташыган автоунаалар, жеңил автоунаалар анан бош жүк ташуучу автоунаалар киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусу 18-октябрда Кыргызстан тараптын демилгеси менен болду.
10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Бул президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоого байланыштуу казак президентине, бийлигине багытталган cөзүн расмий Астана саясий максатты көздөгөн “чагым” деп атагандан кийинки учурга туш келди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









