Киевде саясий реформа үчүн акциясы аяктады
Михаил Саакашвили на демонстрации в Киеве 17 октября 2017 г.
19-октябрда Украинанын Жогорку Радасы депутаттык кол тийбестикти алуу маселесин карайт. Бул шейшемби күнү Киевдин борборунда жана башка ири 10 шаарда өткөн саясий реформа үчүн деп аталган акция катышуучуларынын талаптарынын бири болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча Киев парламентинин алдындагы кагылышуулардан 4 киши, анын ичинде полиция кызматкери жабыркады.
Акция катышуучулары бийликке үч гана талап коюшкан: шайлоо реформасы (парламенттик шайлоолор пропорционалдык система менен ачык тизмелер боюнча өтүшү керек), депутаттык кол тийбестикти алуу жана Антикоррупциялык сот түзүү.
Акциялардын уюштуруучулары биргелешкен билдирүү жасашып, митингдер тынч жана натыйжалуу өткөнүн айтышты. Чатырлардан турган лагерь акция катышуучуларынын бардык талаптары аткарылганга чейин алынбай тургандыгы кабарланууда. "Украинская правда"билдиргендей, митингдин уюштуруучулары парламентке чатырларды киргизүүнү каалаган активисттерге каршы полиция өкүлдөрүнүн күч жана атайын каражаттарды колдонуусу сыяктуу айрым аракеттерин айыпташты.
Демонстранттардын саны эки миңден төрт миңге чейин болду деп эки башка маалыматтар айтылууда. Акция катышуучуларынын арасында Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары, Эркиндик партиясынын, Демократиялык альянстын, Улуттук корпустун мүчөлөрү жана өздөрүн еврооптимисттер деп атагандар болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









