Өмүрбек Бабанов: бийликти басып алууну ойлогон жокмун
Президенттикке талапкер, парламменттеги «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 16-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү.
Ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып, анда алар «жеңишке жеткенин» билдирди:
- Биздин жеңиш — адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, аларга мыйзамдуу жол менен чындыкты далилдөөгө мүмкүн деген ишенимди жаратканыбызда. Биз Кыргызстанда шайлоого чыгып, өз программасы тууралуу айтып, элге мамлекеттин альтернативдүү өнүгүшүн билдирүүгө мүмкүн экенин көрсөтө алдык. Кимдики чын экенин убакыт көрсөтөт.
Ошондой эле Өмүрбек Бабанов административдик ресурстан коркпой ага добуш берген шайлоочуларга ыраазычылык билдирип, тарапташтарын провакацияларга алдырбоого чакырды:
- Мен азыр эле Бабановду колдогондорду бүгүн 12де аянтка чогулууга чакырып жаткандыктары тууралуу правокациялык маалымат алдым. Мен бийликти эч качан басып албаганымды дагы бир жолу эскертип кетким келет! Азыр дагы, мындан кийин дагы бийликти басып алуу оюмда жок. Шайлоочулар менен үгүттөөчүлөрдүн укуктарын мыйзамдуу жол менен гана коргойбуз. Биз келечекте дагы жеңишке жетерибизге мен толук ишенем. «Бизди өлтүрбөгөн нерсенин бардыгы, бизди күчтүүрөөк кылат» деген жакшы сөз бар. Бул шайлоо бизди бириктирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13