Назарбаев менен Путин Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусиянын башчысы Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенттигине шайлануусу менен куттукташты.
Өз куттуктоосунда Казакстан президенти Жээнбековдун жетекчилиги алдында Кыргызстан өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерге жетишерине ишеничин билдирди.
«Мен Казакстан менен Кыргызстандын кызматташтыкка негизделген мамилеси мындан ары да өнүгө берерине ишенем. Сизге ден соолук, жаңы кызматыңызда ийгилик, ал эми бир тууган кыргыз элине ачык асман жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.
Путиндин куттуктоосунда шайлоонун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун мекендештери арасындагы жогорку беделин тастыктагандыгын жана анын социалдык-экономикалык актуалдуу маселелерди чечүүдөгү эмгегин баалай турганын көрсөткөнү жазылган.
Андан тышкары Путин Жээнбековдун Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк мамилесин бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 15-октябрдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56 пайызга жакыны катышты. Алдын ала жыйынтыкка караганда, 917 миңден ашуун добуш менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты. Бул жалпы добуш бергендердин 54% түзөт.
Жээнбековдун атаандаштары бул шайлоодо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулганын, добуш сатып алуу, шайлоочуларды коркутуу орун алганын белгилеп жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









