KELECHEK
rek

Жээнбеков: Бабановду командама чакырайын деген оюм жок

Жээнбеков: Бабановду командама чакырайын деген оюм жок

Сооронбай Жээнбековдун пресс-жыйыны

Президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен алдыда бараткан КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков кечээ маалымат жыйынында атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча айрым суроолорго жооп берди.

"Азаттык" радиосунун "Бабановду командаңызга чакыргыңыз келбейби" деген соболуна, "андай нерсе оюмда да жок" деди.

Журналисттердин "коррупцияны Бабановдон баштайм дедиңиз эле" деген суроосуна комментарий берүүдөн баш тартып, "аны силерге эмес, өзүнө айтайын, артынан айтканым туура эмес болуп калат" деп жооп кайтарды.

Кечээки шайлоодо катуу атаандаштык негизинен эки талапкердин - Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрдү.

Шайлоонун алдында КТРКда 4-октябрда өткөн президенттик кызматка талапкерлердин теледебатында Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышкан.

Бабанов шайлоону утурлай адам ресурсу кайсы талапкердин кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатканы баарына белгилүү экенин айткан.

Сооронбай Жээнбеков "эгерде мен президент болуп калсам, Өмүрбек иним, коррупция менен күрөштү сенден баштайм" деп билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93% түздү. Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн. Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 916 892 киши добуш берген. Экинчи орунга 565 071 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты.

Адахан Мадумаров 108 399, Темир Сариев 42 975, Таалатбек Масадыков 10 585, Арстанбек Абдылдаев 1990, Эрнис Зарлыков 1530 добуш алган.

Шайлоодо он бир талапкер ат салышты. Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда. 

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12