KELECHEK
rek

КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити Душанбеде өтөт

КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити Душанбеде өтөт

Тажикстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине төрагалык кылган мезгилде коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук маселелери приоритет бойдон калат. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон Сочиде өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында билдирди.

Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрү өз ара пайдалуу болгон жаңы ири долбоорлорду баштоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин билдирди.

Анын айтымында, саммитте негизги көңүл экономикалык тематика менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга бурулат. "Бизде өз ара пайдалуу боло турган жаңы ири ишкердик долбоорлорду баштоого мүмкүнчүлүктөр бар", - деп билдирди Путин.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши кирешелердин изин жашыруу, терроризмди каржылоо, жемкорлукка каршы күрөшүү тармагында кызматташуу концепциясын жана башка бир канча документти бекиткенин РИА «Новости» агенттиги жазды.

Буга чейин Орусия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков кол коюуга 19 документ даярдалганын билдирген. Анын айтымында, пландалып жаткан чечимдердин ичинде 2018-жылы төрагалыкты Орусиядан Тажикстанга өткөрүп берүү чечими бар. Андан тышкары саммиттин катышуучулары мамлекет башчылардын кезектеги жолугушууларын өткөрүү маселесин талкуулашат.

"Саммит 2018-жылы октябрдын биринчи жарымында Душанбеде өтөт деп күтүлүүдө. Биз глобалдык коркунучтар менен чакырыктарга, анын ичинде терроризм, экстремизм, маңзат аткезчилиги жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча Шериктештиктин алкагында кабыл алынган чечимдер менен программалык документтерди ишке ашырууга бардык жактан көмөктөшөбүз», — деп билдирди Тажикстан башчысы.

Шейшембиде Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жеке жолугушуу өткөргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12