Текебаев менен Чотонов сегиз кишилик камерага которулду
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги №1 тергөө абагынын сегиз адам отурган камерасына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, борбордун эки кызматкери бүгүн Текебаев жана Чотонов менен жолугуп келишти, укук бузуу же кыйноо тууралуу арыз-даттануу түшкөн жок:
- Текебаевдин сөзү боюнча, аларды тергөө абагынын эң шарты жакшыраак камерасына жайгаштырыптыр. Камера жалпы экен. Сегиз адамдык. Ал Чотонов менен чогуу экен. Экөөнөн тышкары алты адамдын арасында мурда соттолгондор жок. Баары мурда мамлекеттик кызматта иштегендер экен. Кармоо шартына арыз түшкөн жок, болгону ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которууга көмөктөшүүнү суранышты.
№47 абак Бишкекте жайгашкан, ал жакта дарыланып жаткан соттолгондор кармалат.
“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы “Мегаком” уюлдук компаниясы үчүн орус жаранынан бир миллион доллар пара алган деген айып менен ар бири сегиз жылдан соттолгон. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай өкүмүн жакында шаардык сот күчүндө калтырды.
Чотoнов менен Текебаев быйыл февраль айынын аягында кармалып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жатышкан. Сот өкүмү чыккандан кийин алар №1 тергөө абагына которулду.
Соттолгон эки саясатчы жана алардын тарапкерлери өкүмдү оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп атап келе жатышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









