Кыргыз Өкмөтү ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарды
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган маалыматтарга карата Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буга чейин ГЭС куруу боюнча «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен түзүлгөн келишимин бир тараптуу жокко чыгаргандыгы тууралу токтомго кол койду.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясы менен мындан аркы кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок.
Буга чейин, 2017-жылдын 5-октябрында, «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын жетекчилигинин көп жолку өтүнүчүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде «Liglass Trading CZ s.r.o.» чех компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрүнө ортодо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттерди убагында аткарбаган учурда кыргыз тарап чечимди бир тараптуу жокко чыгарары тууралуу айтылган.
Белгилей кете турган болсок, бул жолку сүйлөшүүлөр Жогорку-Нарын каскадына ГЭСтерди куруу боюнча үч айдын ичинде талаш-тартышты чечүү үчүн түзүлгөн келишимдин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.
Айта кетсе турган болсок, жолугушуу маалыманда «Liglass Trading CZ s.r.o.» компаниясынын өкүлдөрү талаш-тартыштарды чечүү боюнча өздөрүнүн сунушун берген. Бул сунуш кыргыз тарап үчүн канаттандырарлык эмес болгон. Анткени ал сунуш келип чыккан маселени чечпей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча чараларды көрүүсүн талап кылган сунуш эле. Бул өзүнчө дагы кошумча убакытта талап кылгандыктан ортодогу сүйлөшүүлөрдөн оң жыйынтык чыкпай, тараптар консенсуска келген эмес.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38