KELECHEK
rek

Премьер-министр Сапар Исаков: «Келечек бүгүндөн башталат» (ФОТО)

Премьер-министр Сапар Исаков: «Келечек бүгүндөн башталат» (ФОТО)

«Келечек бүгүндөн башталат. Биз Кыргызстандын өнүгүшү үчүн баарын жасайбыз. Үч жыл аралыгында биз «Таза Коом» долбоорун ишке ашырабыз. Бул аралыкта  «Акылдуу шаар» долбоору да толук ишке кирет. Санариптештирүү өлкөдө коррупцияны азайтып, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялап, жарандардын жашоосун жакшырта турганын элдер түшүнө баштады. Бир нече жылдан кийин биз коррупциясыз жашашыбыз керек», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын ачылышында.

Иш чара жол кырсыгынан каза болгон КР вице-премьер-министри Темир Жумакадыровду эскерген бир мүнөттүк тыныгуудан башталды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бир жыл мурда КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен «Таза Коом» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча сөз болгон.

«Бүгүн биз ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын көрсөтүүнү чечтик. Дүйнөдө төртүнчү индустриялык революция болуп жатат. Убакыт алмашкан сайын, жаңы технологиясыз мамлекетте өнүгүү болбойт», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы “Таза Коом” долбоору белгилүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты жок кылуу менен, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана пара алуусун жоюуга багытталганын билдирди.

Сапар Исаков мамлекеттик электрондук тейлөө порталын көрсөтүп ошол жерде электрондук арызды каттады. Бүгүнкү күндө аталган порталда 14 мамлекеттик тейлөө кызматы киргизилген:

- паспорттун статусун текшеүү;

- паспорттун даярдыгын текшерүү;

- жалпы жарандык биринчи паспортту алуу;

- жалпы жарандык экинчи паспортту алуу;

- виза баракчалары бүткөндүгүнө байланыштуу жалпы жарандык паспортту алуу;

- мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жалпы жарандык паспортту алуу;

- үй-бүлөлүк абалды текшерүү;

-никеге катталуу боюнча арыз берүү;

- даректик-маалымдама бюросунан справка алуу;

- жоголгон жана табылган документтер боюнча бюро кызматтары;

- жашаган жери боюнча каттоо;

- айдоочулук күбөлүк аркылуу мүмкүн болгон документтерди алуу;

- траснпорт каражаттарына документтерди алуу;

- мамлекеттик реестрден кыймылсыз мүлккө документтерди алуу.

Порталдын ичинде  маалыматтык жана интерактивдик бөлүк камтылган.

Маалыматтык бөлүктө тейлөөлөр, алардын баасы, аткаруу мөөнөтү, маанилүүлүгү, документтердин түп нускасын (паспорт, аттестат, диплом) текшерүү, үй-бүлөлүк абалын жана биометрикалык маалыматтын текшерүү жүргүзүлөт.

Порталдын персоналдык кабинетине атайын ридер жана электрондук айдикарттын жардамы аркылуу кирүүгө болот. Порталдын интерактивдик бөлүгүндө  («жеке кабинетте») электрондук тейлөөлөрдү алууга болот.

Порталга мамлекеттик тейлөөлөрдү ишке ашырууда онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү төлөм системасы киргизилген. Эгерде кайсы бир көрсөтүлгөн кызмат үчүн каражат төлөө керек болсо накталай каражатсыз эле VISA  жана MasterCard электрондук картасы, ЭлКарт төлөм картасы жана Элсом электрондук капчык же терминал аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле иш чара учурунда жарандар Чынгыз Султанов  менен  Гүлзат Авазова никеге туруу боюнча онлайн режиминде арыз беришти.

Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев «Бирдиктүү терезе»  принцибинин негизинде иштей турган почта бөлүмүнүн базасында калкты тейлөө борборунун моделинин негизинде маалыматтык күркөлөрдү сунуштады.

Дастан Догоев белгилегендей, калктуу конуштардын деңгээлинде ыңгайлуу жана жеткиликтүү тейлөө – бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында бирден бир реалдуу кадамдарды жөнөкөйлөтүү болуп саналат.

Ал маалыматтык жана байланыш технологияларын пайдалануу менен бардык маалымат күркөлөрүндө тейлөөлөр электрондук системада берилерин кошумчалады.

Азыркы учурда өлкөдө 363 “Маалымат күркөлөр” байланыш провайдерлеринин каналына туташкан. Маалымат күркөлөрдө ЖААК багыты боюнча, паспорттук кызмат, каттоо жана жашаган жери боюнча каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын чыгаруу жана каттоо жазууларды жана жолу линиясынын күбөлүктөрү алуу боюнча тейлөөлөр көрсөтүлөт.

Өкмөт Башчысы Сапар Исаков мамлекеттик кызматтардын электрондук түрдө иштеши чет элде жашап жаткан мекендештер үчүн ыңгайлуу болуп,  алардын документтерди  алышына көмөк берерин өзгөчө белгилеп кетти.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт «Таза Коом» улуттук программасынын алкагында долбоорду ишке ашырууга болгон аракетин жумшайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12