Сот Аида Салянованы беш жылга кести
Ленин райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Саляновага сот өкүмүн чыгарды.
Бишкектин Ленин райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды. Бирок жазасын кийин - баласы 14 жашка чыккандан соң өтөйт. Мындай өкүмдү сотту алып барган судья Кубанычбек Касымбеков окуду.
Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана адвокаттары макул эместигин билдиришти. Адвокат Чынара Жакупбекованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, аны жокко чыгаруу боюнча арыз шаардык сотко берилет.
Аида Салянованын эки жаштагы кызы бар.
Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда Аида Салянованын соту жабык өттү. Журналисттер процесске киргизилген жок. Кийинчерээк гана акыйкатчы Кубат Оторбаев менен Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев процесске киргизилди.
Аида Салянова сот өкүмү чыкканга чейин журналисттерге судья мыйзамды бузуп жатат деген пикирин билдирген:
- Менин ишимде башынан бери жактоочу болуп келе жаткан Чынара Жакупбековага жарыш сөз берилген жок. Менин акыркы сөзүмдү айтуу укугумдан ажыратты. Демек, биздин сөздөрүбүз судья үчүн маанилүү эмес. Менин оюмча мага чыгарылчу өкүм даяр болсо керек.
Аида Салянова өзүнө каршы козголгон кылмыш иши сот процессинде далилденбегенин белгилеп, сот өзүн актаган чечим чыгарууга тийиштигин кошумчалаган.
Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, Ленин райондук сот имаратынын айланасына милиция кызматкерлери чогулган.
Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүздүгүн айтып, бул иш саясий буюртма деп белгилеп келет.
Булак: "Азаттык" үналгысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









