Зилалиев: Liglass боюнча чекит коюлат
Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коёт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Ал 5-октябрда аталган компания өкүлдөрү менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги жолукканын ырастады.
- Өкмөт келишимди жокко чыгара турганын жарыялаган. Бирок келишимде үч ай сүйлөшүү процесси деген бар. Ошондуктан 5-октябрда жолукканы чын. Чех тарап өздөрүнүн сунуштарын бериптир, бирок кыргыз тарап аларды карап бизге туура келбей турганын айтып жатышат. Ушуну менен чекит коюлат. Эгер бул сүйлөшүү болбосо арбитраждык сотко барганда кыргыз тарап бир да жолу жолугушуу жүргүзгөн жок деген сөз болбошу үчүн сүйлөштү.
Зилалиевдин белгилешинче, Liglass мөөнөттү узартып, башка жактан эсеп ачып берүү сыяктуу сунуштарды айткан.
Кыргызстан "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге быйыл 11-июлда кол койгон. Сынакка катышуу үчүн кепилдик төлөм катары компания 1 миллион 147 миң доллар которгону айтылган.
Макулдашууга ылайык, чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин алганын өкмөт жарыялаган. Бирок келишимге кол коюлган алгачкы күндөн тарта эле Liglass'тын ГЭС курууга тажрыйбасы жана кудурети жоктугу тууралуу адегенде чех басма сөзүндө, андан соң Кыргызстанда байма-бай айтыла баштаган. Бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, компанияга ишенерин билдирип келген.
18-сентябрда, "РусГидрого" карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын өткөрүп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









