Эрдоган: Түркия Крымдын аннексияланышын тааныбайт
Түркия президенти Режеп Эрдоган Крымдын аннексиясын тааныбай турганын билдирди. Анын айтымында, Түркия Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоону улантат. Бул тууралуу Эрдоган Киевде Украина президенти Петр Порошенко менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.
Эрдоган жарым аралдагы маселе “кылдаттыкты” талап кыларын айтып, Анкара крымдык татарларга жардам берүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.
Маалымат жыйынында Порошенко Донецк жана Луганск облустарында БУУнун тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн кеңири орун алышына Түркия жардам берет деп ишенип жатканын билдирди.
Эрдоган менен Порошенконун Киевдеги жолугушуусу үч саатка созулду. Мамлекет башчылары туризм, энергетика, аскер жана коргонуу өндүрүшү тармагындагы кызматташууларды талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү бир нече келишимдерге, анын ичинде инвестицияны биргеликте коргоо, кош салык стандартын жоюуга кол коюшту. Жакынкы беш жылда Украина менен Түркия товар жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









