KELECHEK
rek

Свобода Радиосу Орусиянын Юстиция министрлигинен кат алды

Свобода Радиосу Орусиянын Юстиция министрлигинен кат алды

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу жана анын Москвадагы өкүлчүлүгү Орусиянын Юстиция министрлигинин расмий кат алды. Коммерциялык уюмдардын иштери боюнча департаменттин директору Владимир Титов журналисттер үчүн “чектөөлөр киргизилиши ыктымал” экени жөнүндө эскертүү камтылган текстке кол койгон.

Ушундай эле катты медиакорпорациянын башка бир долбоорлору – "Idel.Реалии" сайты жана "Настоящее время" телеканалы дагы алды. Катта Орусиянын компетенттүү органдары бул уюмдардын ишмердүүлүгүндө чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзамга дал келген белгилер бар экенин аныктаганы жазылган. Буга байланыштуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деген эскертүүлөр берилген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич катка жооп берип, “Настоящее время" телеканалы, Свобода радиосу жана "Idel.Реалии" сайты саясий уюмдар эмес экенин билдирди. “Мындан ары дагы миссиябызды улантууга мүмкүнчүлүгүбүз болот деп ишенебиз", – деди Пейич.

Кремль 6-октябрда Орусияда иштеген айрым америкалык ММКларга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин эскерткен. Москва Вашингтон АКШдагы орусиялык ММКларга басым көрсөтүп жатат деп эсептейт.

АКШнын укук коргоо органдары акыркы кезде эки орусиялык медиага – RT телеканалы менен Sputnik сайтына өзгөчө көңүл бурууда. Орус өкмөтү каржылаган RT телеканалы америкалык атайын кызматтары тарабынан АКШда өткөн президенттик шайлоолорго таасир этүү аракетине айыпталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...