Тажикстандын башкаруу партиясы пара менен кармалган мүчөсүн катардан чыгарды
Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган мүчөсү, Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрага орун басары Аскар Нурализоданы өз катарынан чыгарды.
Тажикстандын башкаруу партиясынын борбордук аткаруу комитетинен билдиришкендей, Аскар Нурализоданын Исмаил Сомони райондук кеңешиндеги ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал Тажикстандын Элдик демократиялык партиясынын мүчөсү катары депутат болуп шайланган болчу.
3-октябрда өлкөнүн антикоррупциялык мекемеси Аскар Нурализода $490 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Анын үйүн тинтүү маалында дагы 10 миң доллар табылган.
Маалыматка караганда, аткаминер жергиликтүү тургундан Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү үчүн 1 млн доллар пара сураган. Андан тышкары жубайына борбордон $70 миңге батир сатып берүүнү талап кылганы айтылууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13