Тажикстанда киберкылмышкерлер Инстаграм аркылуу кыздарды кемсинтүүдө
Сүрөттөрү Инстаграмдагы «Тажикстан сойкулары» деп аталган баракчага жайгаштырылган ондон ашык кыз өлкөнүн Ички иштер министрлигине даттанышты.
Кыздардын айтымдарында, белгисиз адамдар алардын Фейсбук, Инстаграм жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү сүрөттөрүн көчүрүп алып, аталган баракчага жайгаштырып, андан соң төмөн жагына кемсинткен билдирүүлөрдү жазышкан. «Алар бизди телефон аркылуу опузалап, сүрөттөрдү өчүрүү үчүн акча сурап жатышат», - деп билдиришти кыздар.
Буга чейин бир нече кыз ушуга окшогон баракча боюнча Инстаграмдын администрациясына кайрылып, аны өчүртүүгө жетишкен. Бирок көп өтпөй башкача аталыш менен ошол эле мазмундагы жаңы баракча пайда болгон.
Киберкылмышкерлердин курмандыгы болгон Душанбенин Фарангис аттуу 22 жаштагы тургуну билдиргендей, буга чейин «Тажикстан сойкулары» деп аталган баракчага сүрөт жайгаштыруу менен алектенген 16 жаштагы жергиликтүү кыз кармалган. Ал сурак маалында сулуу кыздардын сүрөттөрүн алардын абройун түшүрүп, кемсинтүү үчүн жайгаштырып жүргөнүн мойнуна алган.
Өлкө ИИМинин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали мекемеге мындай маселе менен кыздар буга чейин дагы кайрылганын айтты. «Биз бул социалдык түйүндөгү баракчаларга сүрөттөрү чыгып калган кыздардан кеминде он чакты даттануу алдык. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал баракчалардын модераторлору чет өлкөлөрдө катталып, ошол жакта жашап жүргөндүктөрү аныкталды», - деп билдирди ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









