KELECHEK
rek

«Өзбекгидроэнерго» Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катышат

«Өзбекгидроэнерго» Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна катышат

 «Өзбекгидроэнерго» ишканасы Кыргызстандагы Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна катышууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаевдин коңшу өлкөгө болгон сапары маалында Өзбекгидроэнерго ишканасы менен Кыргызстандын Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Буга чейин Атамбаев тараптар Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча макулдашканын билдирген.

Ошондой эле, Атамбаевдин сапары маалында тараптар биргелешкен дагы беш документке кол коюшту. Алардын арасында Кыргызстандан Өзбекстанга электр энергиясын жеткирүү келишими, Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычын чогуу пайдалануу, аба транспорту жана эл аралык автомобиль байланышы тууралуу макулдашуулар бар.

Андан тышкары мамлекет башчылар 1-декабрга карата чек ара маселесин толугу менен чечүү боюнча макулдашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38