KELECHEK
rek

Жогорку Кеңештин төрагасы Базар-Коргон районунун бир үй-бүлөгө 100 миң сом жардам берди (ФОТО)

Жогорку Кеңештин төрагасы Базар-Коргон районунун бир үй-бүлөгө 100 миң сом жардам берди (ФОТО)

Кечээ, 5-октябрда  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын  Жараке айылынын жашоочусу Жумакан Молошовага 4 айлык баласы Жумабекти дарылоого өзүнүн фондунан 100 миң сом жардам берди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Жараке айылынын тургундары – жубайлар Равшанбек Матисаков менен Жумакан Молошованын бешинчи уулу Жумабек 2017-жылдын 26 майында татаал операцияны талап кылган дарт – “Затылочное энцефалоцеле” диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркай өтө жаш болгондуктан операцияны көтөрө албайт, күзүндө, октябрь айында келгиле деп айтышкан.

Беш балалуу үй-бүлө ээлери өздөрүнүн каражаттары чектелүү экендигин билдиришип, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековго бешинчи баласын дарылоого жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

-- Наристебиз Жумабек сакайып жакшы болуп кетсин. Сиздердин катыңыздарды алаарыбыз менен жардам берүүнү чечкенбиз. Үй-бүлөңүздөрдө ар дайым балдардын шайыр күлкүлөрү жаңырсын,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков тапшырган 100 миң сом жардамын алган Жумакан Молошова  кыргыз парламентинин башчысына чын дилинен чыккан ыраазычылыгын билдирди. Жумакандын кайненеси Айтикан Осмонова небересине берилген акчалай жардамы жана колдоосу үчүн КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековго энелик алкышын айтып, ак батасын берди. Беш баланын энеси Жумакан Молошовага төрага Чыныбай Турсунбековдун  4 айлык наристе Жумабектин дарылануусуна акчалай жардамын тапшырууга КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айтмамат Назаров, Мирлан Бакиров жана Тазабек Икрамов жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков катышты.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13