Спикер Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду (ФОТО)
Үстүбүздөгү жылдын 4-5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Эки күнгө созулган иш сапарынын алкагында КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков бир катар социалдык обьектилер менен таанышып, жер көчкүдөн улам жаңы аймактарга көчүрүлгөн тургундардын жашоо-шарттарынан кабар алып, облустук активдин жыйынына катышты. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында бир катар министрликтердин орун басарлары жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков чогуу коштоп жүрүштү.
Спикердин иш сапары 4-октябрда Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы №10 Токтогул Казатов атындагы орто мектептин учурдагы абалы менен таанышуудан башталды. Мектеп 1980-жылы ашар жолу менен курулган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 2008-жылы мектепте балдарды окутууга болбойт деген бүтүмүн чыгарышкан. 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен мектептин курулушу башталып, 3 млн. сомго курулуш сметалык каражат долбоору жана котлованы казылып, пайдубалы куюлган. Эки кабаттуу стандарттуу типтеги мектепти толук бүткөрүүгө 56 млн. сом каражат талап кылынат. Жергиликтүү тургундар менен мугалимдер КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдон 2018-жылга мектептин курулушун тизмеге киргизип берүү өтүнүчүн айтышты. Эски мектептин абалын көздөн кечирген жана таалим-тарбия иштери менен таанышкан спикер республикалык тиешелүү тармактын жетекчисине мектептин курулушун келерки жылга киргизүү тапшырмасын берди.
-- Мектептин парталарын архивге өткөрө турган болуп калыптыр. Мындан 40 жыл илгери биз ушундай парталарда окуп, таалим-тарбия алганбыз. Токтогул районунан кыйла алыс жайгашкан тоолуу Толук айылында курулган заманбап мектептин полдору жылытылып, окуучулар класстарда бут кийимдерин чечип окушат экен. Мамлекеттин милдети окуучулар менен мугалимдерге жакшы шарт жаратуу болуп саналат,-- деди КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков мектептин мугалимдер жамаатын октябрь айында белгиленүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, дене тарбия сабагынын мугалими Абдибек Анкиловго баалуу кол саатын тартуулап, мектеп директору Гүлжан Райымбековага өзүнүн фондунан 50 миң сом тапшырды.
Спикер Чыныбай Турсунбеков Кара-Көл шаарындагы Д. Шопоков атындагы орто мектептин абалы жана окутуп-тарбиялоо иштери менен дагы жеринде таанышты. Мектепте 35 мугалим эмгектенип, 488 окуучулар билим алып жатышат. Кара-Көл шаарынын мэри Ильяс Еркеев спикерге 1985-жылы курулган мектептин кошумча 3 кабаттуу имараты каражаттын жоктугунан бүткөрүлбөй тургандыгын, ушул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы мугалимдер жамаатын кесиптик майрамдары менен куттуктап, 2 мугалимге КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырып, мектеп директору Райкан Бердигуловага өзүнүн фондунан 50 миң сом тапшырды.
Жаз айларында Базар-Коргон районунун тоо зонасындагы бир катар айылдарда жер көчкүлөр жүрүп, кооптуу аймакта жашаган тургундарга Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караштуу Орто-Сай участкасынан (Живпром) жер участкалары берилген. Учурда 179 тургунга 8 сотыхтан турак-жайларын салуу үчүн жер аянттары ажыратылган. Жергиликтүү тургундар КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбековдон жеңилдетилген кредит, электр линиясын тартуу жана жол курулушуна жардам берүү өтүнүчтөрүн ортого салышты.
-- Турак-жайларын салып жатышкан тургундарга мамлекет тарабынан 250-300 миң сомдон жеңилдетилген кредиттер берилсе жакшы болоор эле. Азыр кыш менен цементтин баасы көтөрүлүп кетти. Бизге берилген чектердин трансформациясы бүтө элек. Ал болбосо банк дагы кредит бербейт экен,- деди жергиликтүү тургун Фаридин Ниязов.
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө турак-жай салынуучу жер участкасынын трансформациясын тездетүү тапшырмасын берди. Элдин арыз-муңун толук уккандан кийин КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков жергиликтүү бийлик башчыларына турак-жай курулуштарын баштаган тургундарга кыш айлары киргенге чейин үйлөрүн толук бүткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасын койду жана көчкүдөн жабыр тарткандардын зарыл маселелерин чечүүгө өзүнүн фондунан 200 миң сом тапшырды.
Сузак районундагы Ырыс айыл аймагына караштуу “Фармерс органик гарден” кыргыз-түрк биргелешкен мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканасы жылына 500 тонна продукцияларды иштетүү кубаттуулугуна ээ. Сезон мезгилинде 100 адам жумуш орду менен камсыз болот. Жалпысынан жашылча-жемиштердин 54 түрү боюнча консервациялоо иштери аткарылат. Экологиялык жаткан таза жана сапаттуу даяр продукциялар Европанын бир катар өлкөлөрүнө экспортко чыгарылат. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мындай биргелешкен ишканаларды дагы арттыруу жагын жергиликтүү жана облустук бийликтин жетекчилеринин эсине салды.
5-октябрда КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылындагы “Аэродром” участкасындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандардын жашоо шарты жана жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты. Бул жерде жер көчкүдөн улам көчүүгө аргасыз болшукан 6 айылдын тургундарына 11 га. жер ажарытылып, 78 жер участоктору берилген. Мектеп, балдар бакчасы жана ФАП үчүн дагы жер аянттары ажыратылган. Учурда 19 үй бүтүп жатат. Үйлөрүн көчкү басып калган 4 тургунга эки бөлмөлүү үйлөр райондогу “Кайрымдуулук” фондунун эсебинен акысыз курулуп берилүүдө. 18 тургун 5 млн. 38 миң сомдук ипотекалык кредит алышкан. Кара-Март айылынын тургундарына ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүп берген.
Жергиликтүү тургундар спикерге жол, таза суу жана электр линияларын тартуу маселесинде бир топ кыйынчылыктар болуп жаткандыгын жашырбай ортого салышты. Элдин өтүнүчүн жана арыз-муңдарын уккан сон КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жеринде алардын жол маселесин чечип берди.
-- Жолуңарга шагыл төгүү үчүн 350 миң сом талап кылынат экен. Азыр мен сиздерге 200 мин сомду өз фондумдан тапшырайын. Калган 150 миң сомун Бишкекке барганда которуу жолу менен салып жиберейин. Бул Сиздерге КРнын Жогорку Кеңешинен болгон адрестүү жардам болсун,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.
-- Элден келип кабар алаганыңарга жана биздин жолубузга шагыл төшөп оңдоп берүү маселесин дароо чечип бергениңе чоң рахмат, балам. Айтпайын дедим эле айтканга аргасызмын. Азыр 7 неберем менен Орток токой чарбасынын кеңсесинде жашап жатамын. Жамгыр жааганда шыбынан тамчы өтүп, аябай кыйналып жатабыз. Үйүбүз эртерээк бүтүп калганда бул жерге көчүп келип алат элек,- деген улгайган эне Бурмакан Жолболдиева спикерге кайрылды.
-- Эне, сизге өз фондумдан 50 миң сом тапшырайын. Бүтөйүн деп калган үйүңүздөрүн керегине жумшап, суук түшкөнгө чейин неберелериңиз менен жаңы куттуу конушка көчүп кирип алыңыздар,- деген КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков улгайган курактагы кадырман энеге 50 миң сом тапшырды.
Жергиликтүү калк жана кутман курак жашындагы улгайган эне Бурмакан Жолболдиева элдин жашоосунан кабар алганы келген жана жол көйгөйүн жеринде чечип берген спикер менен6 келген жетекчилерге чын дилинен чыккан ак батасын берди.
Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Көк-Булак участкасынан жер көчкүдөн жабыр тартышкан жана кооптуу аймактарда жашаган тургундарга 35 га. жер ажыратылып, турак-жай салуу үчүн 8 сотыхтан 302 чек берилген. Учурда 48 үй-бүлө үйлөрүн салып жатышат. Мындан сырткары жаңы конушка 150 орундуу №76 А. Матиев атындагы мектептин курулушу кызуу жүргүзүлүп жатат. Мектепти бүткөрүүгө республикалык бюджеттен 62 млн. сом каралган. Жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн толук уккан соң КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнүн фондунан керектүү деп тапкан көйгөйлөрүн чечип алууга өзүнүн фондунан 300 миң сом жардам каражатын тапшырды.
Андан соң КРнын парламентинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Таштак айылындагы 2002-жылы ашар ыкмасы менен бүткөрүлгөн Муратов атындагы мектептин азыркы абалы менен жеринде таанышты. Учурда бул мектепте 707 окуучу 3 мөөнөт менен окуп жатышат. Азыркы мезгилде эки кабаттуу мектептин долбоору бүткөрүлүп, мектептин жанында 355 окуучуга эсептелген жаңы мектептин курулушун баштоо иштери жүргүзүлгөнү жатат. КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, башталгыч класстын мугалими Бүсайра Аргинбаевага КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын жана директор Каныбек Жаниевге 50 миң сомду өз фондунун эсебинен тапшырды.
Спикер Сузак айыл аймагына караштуу окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн Дом-Ата орто мектебинде болду. Мектеп окуучулары конокторду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен Кыргыз тил гимнин кыргыз тилинде эн мыкты аткаруу менен тосуп алышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков мектептин мугалимдер жамаатын кесиптик майрамдары менен куттуктап, мектеп директору Гүлнара Юлдашеваны баалуу кол сааты менен сыйлап, 50 миң сомду өз фондусунан тапшырды. Спикер кара-Дарыя айыл аймагында күрүчтү тазалоочу цехтин иши менен дагы таанышып чыкты.
КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков облустук активдин жыйынына катышты.
-- 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоону ачык-айкын жана таза өткөрүп алсак өлкөбүздө тынчтык менен туруктуулук болот. Кыргызстан Борбордук Азияда алгачкылардан болуп парламенттик демократиялык жолду тандап алды. Европанын парламенттер аралык ассамблеясында Кыргызстанда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун таза жана демократиялык негизде өткөндүгүнө чоң бааларын беришти. Эки күндүк иш сапардын алкагында бир катар социалдык обьектилерде болуп, эл менен жолугуштум. Ийгиликтер арбын, бирок көйгөйлөр дагы жок эмес. Алсак, Сузак районундагы Таштак айылындагы Муратов атындагы мектепте 707 окуучу үч мөөнөт менен окуп жатышат. Министрлик кашаң болсо, жергиликтүү бийлик кашан болсо, көйгөйлөр эч качан чечилбейт. Башкы максатыбыз Кыргызстанды өнүктүрө турган, кыргыз элин жакшы турмушка алып чыга турган демилгелүү иштерди биргеликте жасашыбыз керек,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков,- облустук активдин жыйынында. Облустук активдин жыйынында анын катышуучулары тарабынан спикер менен министрликтердин өкүлдөрүнө ондогон суроолор берилип, аларга ачык айкын жана канааттандырарлык жооптор алынды.
-- 2018-жылдын 1-январынан баштап жарык дүйнөгө көз жарган наристелер үчүн 4000 сомдон сүйүнчү пул берилет. Мындан сырткары 3 балалуу болгон үй-бүлөгө балдары 17 жашка чыкканга чейин айына 200 сомдон ар бир балага пособие төлөнүп бериле баштайт,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин спикери Чыныбай Турсунбеков.
Облустук активдин жыйынында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Айтмамат Назаров, Айнура Осмонова, Мирлан Бакиров жана Тазабек Икрамов сөз сүйлөшүп, өздөрүнө берилген ондогон суроолорго жооп беришти. Облустук активдин жыйынынын соңунда КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков көп жылдык үзүрлүү эмгеги, КРнын айыл, суу чарба жана мелиорациясын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кадырбек Кудайбердиевге КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13