Сузактагы карылар үйүнө жардам көрсөтүлдү (ФОТО)
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган бир катар облустук тармактын жетекчилери менен ЖОЖдордун ректорлору Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жардандар камкордукка алынышкан социалдык мекеменин жашоочуларынан кабар алышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Улгайган карылар менен мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык мекеменин камкордугуна алынышкан жарандарды 1-октябрь – улгайган адамдардын Эл аралык күнү майрамы менен ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков куттуктады. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин резервдик фондунан аталган карылар үйүнө 25 миң сом которулуп берилген.
Социалдык мекеменин камкордугуна бөлөнүшкөн улгайган адамдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, ЖАМУнун проректору, экономика илимдеринин кандидаты Жаныш Арынбаев жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Абдуллажан Шодиев куттукташып, материалдык колдоолорун көрсөтүштү.
Сузак районундагы Октябрь айылындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесинин башчысы Майрам Узакбаеванын берген маалыматына ылайык, учурда бул жерде 100 улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар толук мамлекеттик камкордукка алынышкан. Алардын ден соолугун көзөмөлгө алган 14 дарыгерлер менен медайымдар эмгектенип жатышат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13