
Сузакта 109 жашка чыккан энеге сый-урмат көрсөтүлдү

Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылында жашаган 109 жаштагы Толгонай Осмоновадан облустун жана райондун жетекчилери кабар алышып, акчалай жардам жана белек-бечкектерди тапшырышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.
1-октябрь – улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулова баштаган бир катар жетекчилер кылым карыткан энеден кабар алышып, өздөрүнүн акчалай жана тамак-аш азыктарынан белектерин тапшырышты.
Бир кылымдан ашык жашап, 109 жашка чыккан Толгонай Осмонова 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүп, учурда 50дөн ашуун небере, чебере жана кыбыралардын сүйүктүү чоң эне жана тайнеси болуп саналат. Күч-кубаты бар жаш кезинде колхоздун ар кыл жумуштарында эмгектенген эне учурда бактылуу карылыктын дөөлөттүү өмүрүн кечирип жатат. Кылым жашын карыткан эне Толгонай Осмонова келген жетекчилерге өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, алкышын айтып, ак батасын берди. Учурда Жалал-Абад облусунда 100 жаштан ашкан 67 карыялар бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41