KELECHEK
rek

"Мегакомду" сатып алууга орусиялык жарандан арыз түштү

Мамлекеттик мүлк фондунан "Азаттык" радиосуна маалымдашкандай, "Альфа Телеком” ("Мегаком") ишканасын сатып алууга кызыкдарлыгын билдирип, 25-сентябрь күнү кечке жуук орусиялык жаран Елена Нагорная кайрылган. Маалыматка ылайык, ал ишкананын 100% акциясын сатып алууга кызыкдар.

Жогорку Кеңештин депутаттарынан, министрликтин жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия Нагорнаянын арызын карап, анын сунушуна макулдук берүүнү туура тапты деп маалымдайт Мамлекеттик мүлк фонду. Мекеме сүйлөшүү процесси башталганын да маалымдады.

"Альфа Телеком" ("Мегаком") ишканасын жеке менчикке сатуу тууралуу чечим Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 22-августта токтом кабыл алынып, өкмөт "Альфа Телеком" компаниясын тикелей сатыкка чыгарган. Уюлдук компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталган. Буга кошумча сатып алууну каалаган потенциалдуу инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Андан тышкары бул компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, бул маселелерди чечүү милдетин алары айтылган. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынмак.

21-августта "Альфа Телекомдун" түзүүчүлөрү катары өзүн тааныштырган Penwell аттуу компания маалымат таратып, Стокгольмдогу Арбитражга кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын жарыялаган.

Буга чейин Penwell компаниясы "Мегакомдун" 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганын эскерткен болчу.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ага мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телекомду" 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери компания үч ирет аукционго коюлуп, кызыккан инвестор болбогонунан улам аны түз сатуу сунушталган болчу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38