Amnesty International «Укринмашты» Түштүк Суданга курал жеткирүүгө айыптады
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Украинанын мамлекеттик компаниясын Түштүк Суданга курал жеткирүү боюнча БУУнун тыюусун бузууга аракет кылган деп айыптады. Уюмдун маалыматы боюнча, "Укринмаш" Түштүк Суданга «миңдеген автомат, миномёт жана башка курал-жарак» сатуу аракетин көргөн.
Маалыматка караганда, «Укринмаш» согуш жүрүп жаткан Африка өлкөсүнө курал жеткирүү тыюусун кыйгап өтүү үчүн 2014-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги компаниялардын бири менен кызматташкан. Бирок азырынча Түштүк Суданга жалпы суммасы 170 миллион долларды түзгөн келишимде көрсөтүлгөн куралдын бардыгы же анын бир бөлүгү гана жеткирилгени так белгисиз. Эгер куралдын аталган өлкө бийлигинин колуна тийгендиги аныкталса, бул Түштүк Суданда согуш башталган 2013-жылдан берки эң ири курал-жарак жеткирүү боюнча келишимдин ашкерелениши болуп калат.
"Укринмаштын" өкүлү Юрий Кириллич «Азаттыктын» украин кызматына берген маегинде мамлекеттик компания Түштүк Суданга эч кандай курал жеткирбегенин жана андай пландары дагы болбогонун билдирди.
Amnesty International уюму белгилегендей, Украина менен Бириккен Араб Эмирлигиндеги компания куралды жеткирүү үчүн Улуу Британияда каттоодон өткөн анча чоң эмес фирманы колдонууну көздөшкөн. Укук коргоочулар ушул жана бул сыяктуу курал жеткирүү боюнча башка келишимдерге тосоолдук кылуу үчүн Улуу Британия бийлиги эч аракет көрбөгөнүн билдирүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









