ЕККУнун байкоочулары Жалал-Абадда болушту (ФОТО)
Бүгүн, 26-сентябрда ЕККУнун Кыргыз Республикасында 15-октябрда болуучу Президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салуу боюнча калыс байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Жалал-Абадда болушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
ЕККУнун байкоочулар миссиясынын Кыргызстандагы башчысы – элчи Александр Кельтчевски, саясий маселелер боюнча адис Пэр Нурмарк, узак мөөнөттөгү байкоочулар Ханс Дизет жана Марсо Марсилиге ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.
- Учурда Жалал-Абад облусунда 426 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн. Шайлоону демократиялуу негизде ачык айкындуулукта өткөрүү боюнча курамы 23 адамдан турган облусттук штаб түзүлгөн. Жалпысынан облус боюнча 548 миң шайлоочулар бар. Президенттикке көрсөтүлгөн бардык талапкерлерге бирдей шарттар жаратылууда. Участкалык шайлоо комиссиялары керектүү жабдуулар жана байланыш каражаттары менен жетиштүү камсыз болушкан. “Бир шайлоочу – бир добуш” принциби толугу менен сакталат. Анткени шайлоочулар биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш бере алышат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков.
- ЕККУнун байкоочуларынын миссиясы Кыргызстанда өтүүчү Президенттик шайлоонун жүрүшүнө өзүнүн калыс байкоосун салуу гана болуп саналат. Биз Кыргызстанда өтүүчү шайлоого, анын ички саясатына кийлигишпейбиз,- деди ЕККУнун Кыргызстандагы байкоочулар миссиясынын башчысы – элчи Александр Кельтчевски.
Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Александр Кельтчевски белгилеп кеткендей, 15-октябрда өтүүчү Президенттик шайлоонун жүрүшүнө калыс байкоо салуу максатында чет өлкөлөрдөн 500дөн ашуун байкоочулардын келүүсү күтүлүүдө.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13