
Шайлдабекова: Бабановдун Назарбаевге жолукканы жоопкерсиздик

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу жоопкерсиздик. Мындай оюн “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
- Президенттикке талапкерлер мыйзамдагы кичи пункттарга жашынса да эл алдындагы жоопкерчиликти унутпашы керек. Бабановдун Назарбаев менен жолукканы - жоопкерсиздик. БШК бул факты боюнча өз баасын берет.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолукканы тууралуу маалымат Казакстан президентинин расмий сайтына 19-сентябрда жарыяланган. Ал жолугушууда "эки тараптуу кызматташуу жана бир тууган мамилени бекемдөө маселеси" талкууланганы жазылган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга жолугушууну айыптаган нааразылык нота жөнөткөн. Казак тарап болсо жолугушуу эл аралык нормаларга каршы келбестигин жүйө кылган.
Бул жолугушууга баа берүү өтүнүчү менен укук коргоочу Турсунбек Акун БШКга расмий арыз жазган. Арызды караган БШКнын жумушчу тобу Назарбаев - Бабанов жолугушуусу талапкердин үгүт материалы катары жарыяланбаганын жүйө кылып, арызды четке каккан. Мындан сырткары Акун арызды жолугушуудан үч күндөн кийин жазган. Шайлоо мыйзамы боюнча жарандар мыйзам бузуу тууралуу арызды окуядан кийин эки күн ичинде жазышы керек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |